Сен билген жоксуң lyrics

Болот Тасмаев

0
0

Share:


Алыстан бир сен үчүн келгенимди,
Сыр кылып кызыл гүлдү бергенимди,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)

Ичимден сүйөмүн деп айтканымды,
Үшкүрүп үйгө амалсыз кайтканымды,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)

Атыңды ак баракка жазганымды,
Анардай кызыл өңдөн азганымды,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)

Үйүңдү жалжал карап өткөнүмдү,
Көзүмдөн ысык жашты төккөнүмдү,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)

Түшүмдө сени менен жүргөнүмдү,
Эзилип эркин ойноп- күлгөнүмдү,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)

Болот Тасмаев, Сен билген жоксуң lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

04.07.2016