Окшотуп алсам керек lyrics

Бек Исраилов

0
0

Share:


Унчукпайсың, таарынып калсаң керек,
Азаптанып айыбым тартам демек.
Кыш сүйгөн жүрөгүм менен сүйүп,
Сени да кыш кылып алсам керек.

Тунжурайсың, санаага салсам керек,
Айыбымды азайып тартам демек.
Күз сүйгөн жүрөгүм менен сүйүп,
Сени да күз кылып алсам керек.

Карабайсың, кайгыга салсам керек,
Айыбымды айрылып тартам демек.
Жамгырлуу жаз сүйгөн жүрөк менен,
Жүрөгүңдү ыйлатып алсам керек.
Бек Исраилов, Окшотуп алсам керек lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

02.07.2016