Кызыма lyrics

Азиза

0
0

Share:


Карлыгач канат карагым.
Кадырлуу болсун кадамың
Бактылуу кылсын түбөлүк,
Баш кошуп жаткан адамың.

Айланам алтын чырагым
Аңкыган жыттуу бурагым.
Атаңдай сыйлап-урматтап,
Алдынан өтпө куданын.

Бакыттын учкан кушундай,
Барагой турмуш ушундай.
Өксүтпөй баккын апаңды,
Өзүнүн тууган кызындай.

Калтырбай ушак-айыңга,
Кадырлуу болгун кайыңга
Чыккан кыз чийден тышкары,
Чынардай көктөп, байырла.

Бактылуу болгун жан кызым,
Балбылдап жанган ай кызым.
Бактыңа жазган бүлөңдү,
Бапестеп сыйлап ал кызым.
Барагой, эми бар кызым.
Азиза, Кызыма lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

кыялка

22 2017

ай ий клибида сонун тартылыптыр мени дагы клиппе же киного тарткылачы

Гулсайра

30 2017

мага клип жагт

аян

02 2017

оа да бизди деле тарткыла

Admin

Added Lyrics

12.04.2017