Тирүүлүккө таазим lyrics

Азамат Сарыбаев, Сайра Момунбаева

0
0

Share:


Өмүрлөр өрттөй жагылып,
Өтүп жатат жылдар агылып
Жылдар менен сапар тартабыз,
Жокко кейип, барга багынып.
Жабыркатпай жашоо кумарын,
Аруулайлы арзуу булагын,
Өкүнүчкө бойду таштабай,
Өчүрбөйлү көңүл чырагын.

[Кайырма]
Турса дагы мезгил сурданып,
Жаштыгыбыз дайым ырдалып.
Жан дүйнөбүз турсун нурданып,
Сүрөттөлүп сүйүү көгүндө
Кетирбейли күндү төгүнгө,
Кайрылабыз кайра өмүргө.

Боло берет турмуш сынагы,
Суусуз жердин гүлдөйт чынары.
Эртеңкиге үмүт улаган,
Тирүүлүккө таазим кылалы.
Өмүрлөр өрттөй жагылып,
Өтүп жатат жылдар агылып
Жылдар менен сапар тартабыз,
Жокко кейип, барга багынып.

Азамат Сарыбаев, Сайра Момунбаева, Тирүүлүккө таазим lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016