Апаз Жайнаков Кусалыкка кабылбасын (0) lyrics

Кусалыкка кабылбасын lyrics

Апаз Жайнаков

0
0

Share:


Жүзүңдөн күлкү, шаттык арылбасын,
Күлкүңдөй тунук болчу, карындашым.
Сүйүүңдүн күчүн сезген күндөн баштап,
Мен эми тагдырыма таарынбасмын.

Көзүңдөн жанат жаштык, карындашым,
Жалбарам, махабатың жаңылбасын.
Аттиң, ай, кайда кеттиң байкалбастан,
Зарыгып издегеним, табылбасым?

Бир шаарда жашасак да, карындашым,
Кээ күнү кол жетпеген алыстасың.
Түшүнөм, түшүн, жаным, сен да мени,
Сезимдер кусалыкка кабылбасын.








GM

Added Lyrics

25.06.2016