Бийге чакыруу lyrics

Апаз Жайнаков

0
0

Share:


Эй, кара көз татынам,
Ой, кара көз татынам.
Келчи бери тартынба,
Келчи бийге чакырам.

Ой, кара көз татынам,
Кантип сырым жашырам.
Сыласам дейм бий бийлеп,
Сенин кара чачыңдан.

Бий бийлесем сен менен,
Ийе кармап белиңден.
Уккум келет астыртан,
Шыбыраган кезиңден.

Шаттыгыңа бөлөчү,
Кубанычка бөлөчү.
Сүйкүм назик жүзүңдү,
Көкүрөккө жөлөчү.
Келчи шыдыр жөнөчү,
Келчи шыдыр жөнөчү.
Бий бийлешкен жигиттин,
Көккө жетсин төбөсү.

Апаз Жайнаков, Бийге чакыруу lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016