Сени ойлосом... lyrics

Анжелика

0
0

Share:


Сени ойлосом, канат бүткөн көңүлгө,
Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө.
Таалайымдын жаркыраган жылдызы,
Махабаттын гүлүн терген өмүргө.

Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып,
Жалынчумун, жаным, сага кагылып.
Кирпик какпай таң атырам далай түн,
Карааныңды бир көргөнгө зарылып.

Сен унутсаң, мен унута албадым,
Элесиңди көңүлгө бек кармадым.
Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң,
Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?
Анжелика, Сени ойлосом... lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

Карина Борубаева

15 2017

класс мен суйгон ыр

GM

Added Lyrics

25.06.2016