Назданып lyrics

Анжелика

2015

0
0

Share:


Күн болуп күлүп турсаң,
Каректен нур бөлүнүп.
Жан дүйнөм балкып, эрийт,
Жүрөктөн ыр төгүлүп.
Сүйкүмдүү жылмайганың,
Сезимди өрттөп өтөт.
Керемет ошол элес, ошол элес,
Каректен кантип өчөт?

Кайырма:
Назданып эркелесең,
Берерге жаным даяр.
Артылып арзуум сага,
Махабат багым даяр,
Махабат багым даяр...

Күн болуп тийип турчу,
Мээримиң төгүп мага.
Жаштыгым өтсө мейли,
Өзүң деп күйүп-жанам.
Сүйкүмдүү жылмайганың,
Сезимди өрттөп өтөт.
Керемет ошол элес, ошол элес,
Каректен кантип өчөт?

Кайырма.
Анжелика, Назданып lyrics, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

jiza

27 March 2016

Анжелика - Алгачкы суйуу деген ырынын созун кошуп койгулачы сураныч!!!)))

GM

Added Lyrics

11.02.2016