Бактылуумун lyrics

Анжелика

0
0

Share:


Сен барда бул өмүрдө багым бар бул күндө,
Жашоомдун мезгилдерин бөлөдүң түркүнгө.
Жаз болуп сезимдерим ар убак жаңырат,
Сен менин, кечим менин, бакытты чакырат.

[Кайырма]
Бактылуумун, бактылуумун өзүң бар үчүн,
Сездим бүгүн таттуулугун өмүр балы үчүн.
Бул дүйнөдө менин сүйүүм жалгыз сен үчүн,
Жылмайганым, наздуулугум өзүң бар үчүн.

Көңүлдүн жарыгысың нурданткан тилекти,
Жанымдын жарымысың агарткан жүрөктү.
Сен барда бар ырысым жашарткан үмүттү,
Салбасын сүйүүбүзгө эч ким бүлүктү.

[Кайырма]

Анжелика, Бактылуумун lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

бекболотова бурулка

14 2017

жүрөктү эзет го чиркин

Нурлан

10 March 2017

аябай соонун ыр

Нурлан

10 March 2017

bcvjbfh

алина

23 March 2017

жакшы ыр

GM

Added Lyrics

25.06.2016