Сүрөлү өмүр узакка lyrics

Алтымыш Кадыров

0
0

Share:


Жашоонун сенсиң кызыгы,
Гүлүмдүн сенсиң кызыгы.
Эч качан бойдон тарабайт,
Сүйүүмдүн сенсиң ысыгы.

Эскерип жүрсөң кубатым,
Сен менен жүрсөм кубанчым.
Сүрөлү өмүр узакка да,
Сүйүүнүн көрүп ызаатын.

Сен менин жашоо-таалайым,
Сен менин болдуң маанайым.
Саламат болуп көп жаша,
Садага кетип калайын.

Дем берсин сага Кудайым,
Бактылуу болгун ылайым.
Барганда сексен-токсонго да,
Балдардын көргүн убайын.
Алтымыш Кадыров, Сүрөлү өмүр узакка lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016