Махабатты барктайлы lyrics

Айпери Сыдыкова

0
0

Share:


Жүрөктөгү сүйүү отун муздаттың,
Жүзүң буруп жаркыныңдан узадың.
Өзгө менен сени көрүп чыдабай,
Өмүрүмдү кара булут каптады.

[Кайырма]
Сен ойлосом ачык болот асманым,
Кыялданып бактылуудай караным.
Кыянаттык кылганыңды эстесем,
Кыштын кыраан чилдесинде каламын.

Сыйлашалы сезимимди чанбачы,
Сырдашалы укмаксанга салбачы.
Ирээнжитип шылдыңдайсың, кыйнайсың,
Издеримди кетсем кайдан табасың.

[Кайырма]

Кел ардагым бар сүйүүнү барктайлы,
Аз өмүрдө тирүүлүктү баалайлы.
Көз жумайын жүргөнүңө адашып,
Кел таалайым махабатка баралы.
Айпери Сыдыкова, Махабатты барктайлы lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016