Жаш тандабайт махабат lyrics

Айпери Кулбаева

0
0

Share:


Кырчын кезде кыялдарым шок эле,
Кыр ашпаган жаш өмүрүм ток эле.
Сүйүү деген жаштык кездин дарты деп,
Улууларга мен ыйгаргым жок эле.

Өттү жылдар, эми башка айтарым,
Өмүр мени, мен өмүрдү байкадым.
Жаш тандабай жанган кезде махабат,
Жан дүйнөмдү жалын менен чайкады.

Оргуп турса мөлтүр булак белдеги,
Ошол экен махабаттын гүлдөрү.
Жүрөктөрдө бул керемет болбосо,
Сулуулукка ким толтурат дүйнөнү?

Жан дүйнөңдү ээлеп алса махабат,
Андай кезде жүрөк толкуп,
Махабат жаш тандабайт махабат,
Жаш тандабайт махабат.
Айпери Кулбаева, Жаш тандабайт махабат lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

диана

22 2017

ау

GM

Added Lyrics

25.06.2016