Бир сөзүң качан айтылат? lyrics

Айпери Кулбаева

0
0

Share:


Бир жакшы сөз атайлап,
Айтмак элең, айтпадың.
Балким, ушул чын эле,
Ыңгайлуу кез таппадың.

[Кайырма]
Жаштык сенден, менден да,
Артта калып жашынат.
Ошол жакшы бир сөзүң,
Качан, кантип айтылат?

Андан бери арадан,
Жылдар өттү чапкылап.
Коңур, кара чачымды,
Басып барат ак бубак.

[Кайырма]

Бак аралап бакчага,
Бармак элек, барбадык.
Балким, жалын жаштыктын,
Баркын баалай албадым.

Жаштык сенден, менден да,
Артта калып жашынат.
Ошол жакшы бир сөзүң,
Качан, кантип айтылат?

Айпери Кулбаева, Бир сөзүң качан айтылат? lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016