Аялзат lyrics

Айпери Кубик кызы

2015

0
0

Share:


Неге унчукпай, сөздөрүмө сен,
Сырдуу карайсың мени.
Жомоктогудай кубулуп турган,
Көздөрүң тиктейм сенин.



Кайырма:
Эркелесең, жетелесең бир өзүңө жарашкан
Аялзатым, асылзатым, алтыным деп баалашкан
Кана кыздардын сырын,
Кана таба албастырсың.
Кана табийгат сырын,
Кана ала албастырсың.

Жолубуз башка болгон бир чыгат,
Кечирип койчу мени.
Жолугушчудай үмүтүм үзбөй,
Издеймин неге сени.

Кайырма:
Эркелесең, жетелесең бир өзүңө жарашкан
Аялзатым, асылзатым, алтыным деп баалашкан
Кана кыздардын сырын,
Кана таба албастырсың.
Кана табийгат сырын,
Кана ала албастырсың.
Айпери Кубик кызы, Аялзат lyrics, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

15.02.2016