Айнура Салахидинова Кайра келчи (0) lyrics

Кайра келчи lyrics

Айнура Салахидинова

0
0

Share:


Жалжал көздүү, жапжаш элең анда сен,
Жаз гүлүндөй жагымдуу элең жанга сен.
Комуз элең кыл тагылып, күүлөнгөн
Чолпон элең балбал жанган таңда сен
Сен гүл болдуң, бир суктанып ачылган
Сен куш болдуң кокус колдон качырган
Арабыздан айлар-жылдар бөлсө да
Ашыктыгым бир сен үчүн ашыгам.

Агым даяр, сени күтүп аңкыган
Жаным даяр сени күтүп аңкыган
Кадырыңа жетер кези ушул кез
Кайкып учуп, кайра келчи каркырам.







GM

Added Lyrics

25.06.2016