Келчи, келчи lyrics

Айгерим Расул кызы

0
0

Share:


Жайында эмес көңүлүм
Бир арманы бар өңдүү.
Кетилгенсийт өмүрүм
Суу кемирген жар өңдүү.

[Кайырма]

Келчи, келчи көңүлдө
Издер калсын унуткус.
Ансыз да биз өмүрдө
Учуп-конгон булутпуз.

Салып коюп тымызын,
Мени ушул абалга.
Бүтө электей жумушуң,
Түр кылганың жаман да.

[Кайырма]

Элек болуп экчелип,
Өткөн күнүм курусун.
А көрөкчө тез келип,
Таркат көңүл булутун.

[Кайырма]

Айгерим Расул кызы, Келчи, келчи lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

05.07.2016