Айгерим Расул кызы Эсиңдеби? (0) lyrics

Эсиңдеби? lyrics

Айгерим Расул кызы

0
0

Share:


Көл үстүндө кайыкта дем алганбыз,
Эсиңдеби?
Келечекти ойлоп көрүп, турмуш жолун,
Эсиңдеби?

Эсиңдеби, ошол күнү себелеп, себелеп жаады жамгыр.

Көл жээгинде суу чачышып ойногонбуз,
Эсиңдеби?
Көп сөздөрдү чын жүрөктөн айттың мага,
Эсиңдеби?

Эсиңдеби, ошол күнү себелеп, себелеп жаады жамгыр.

Азыр эми өзүм жалгыз көлдө жүрөм,
Сени эстеп.
Жаш жүрөгүм жараланып дале күтөт,
Сени эстеп.

Эсиңдеби, ошол күнү себелеп, себелеп жаады жамгыр.






GM

Added Lyrics

25.06.2016