Кетесиңби сулуу кыз мени менен lyrics

Абдыманап Төрөбеков

0
0

Share:


Микробу жок тоолордун абасы да
Чындык жашайт наристе өңү менен
Бийик мөңгү арчалар арасына
Кетесиңби сулуу кыз мени менен

Күлүк минип барабыз гүл тергени
Бубактардын күлкүсүн үйрөнгөнү.
Терең ойдун маңызын берип турат
Тоолуктардын жөнөкөй сүйлөмдөрү.

Жүрөктөрдө жаштыктын оту барда
Дал өзүнө укмуштун жолугабыз
Чыгып барып эң бийип чокуларга
Жылдыздарга зымырап бой урабыз.

Микробу жок тоолордун абасы да
Чындык жашайт наристе өңү менен
Бийик мөңгү арчалар арасына,
Кетесиңби сулуу кыз мени менен.
Абдыманап Төрөбеков, Кетесиңби сулуу кыз мени менен lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016