Бир сулууга lyrics

Абдыманап Төрөбеков

0
0

Share:


Кайдан тиктей койдум экен сен жакты,
Капысынан катуу дартка чалдыктым.
Белгисиз бир нур тийгенсип ошондо,
Билинбестен бейтап болуп калыпмын.

Кайырма:
Күнү-түнү жалгыз сенсиң оюмда,
Көз алдымдан кетпей койду элесиң.
Бирде мага ак куу болуп көрүнүп,
Бирде мага обон болуп келесиң.

Ишке барсам турасың сен жылмайып,
Жолго чыксам тээ алыстан күлөсүң
Тамак ичсем табагымдан көрүнүп,
Уктаганда түшкө кирип жүрөсүң.

Кайырма:

Эл ичинен издесем да тынымсыз,
Эч бир жерден көрүнбөдү караның
Мейли жашын, мейли мени сынай бер.
Мен өзүңдү издеп жүрүп табамын.

Кайырма: Комментарийлер (0)
Абдыманап Төрөбеков, Бир сулууга lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016