Бир келип кетчи Ош жакка lyrics

Абдыманап Төрөбеков

0
0

Share:


Саратан күчөп турганда,
Жамгырды чөптөр күтүшөт.
Жаз келип сайран курганда,
Ак кууну көлдөр күтүшөт.

Кайырма:
Э-эй, наздана күлүп сүйлөгөн,
Жаныңдан акең садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.

Суу болуп алыс аксам деп,
Мөңгүлөр күндү күтүшөт.
Ааламга жарык чачсам деп,
Жылдыздар түндү күтүшөт.

Кайырма:

Азапка батты жүрөгүм,
Жолугар жомок күндү эңсеп.
Зарыгып күтүп жүрөмүн,
Сүйгөнүм, сендей гүлдү эңсеп.

Кайырма:
Э-эй, наздана күлүп сүйлөгөн,
Жаныңдан өзүм садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка. Комментарийлер (1)
Абдыманап Төрөбеков, Бир келип кетчи Ош жакка lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

25.06.2016