Досторума бир сап ырды арнайын.
Бирге көрүп бул жашоонун жыргалын,
Ден-соолукта жүролүчү ар дайым.
Жүрөктөрдү биз оорутуп албайлы,
Тамашаны чындай кабыл албайлы.
Бирөөлөрдүн кирип жаман тилине,
Досторум эй, жүз карашпай калбайлы.
[Кайырма]
Эй, досторум, досторум,
Жаштык гүлү соолбосун.
Жараткан соң силерди,
Кудай өзү колдосун.
Жаштык өтсө келбейт кайра кайрылып,
Калгым келбейт мен достордон айрылып.
Ойноп-күлүп өткөрөлү жаштыкты,
Калбагыдай болуп кийин кайгырып.
Жүзүңөрдөн күлкү нуру кетпесин,
Кырсык куусун, бирок, такыр жетпесин.
Арнап жазган ушул бир сап ырымды,
Ар бир досум угуп мени эстесин.
[Кайырма]
Дайыр Исмадияров, Досторум songtext, 0 Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store
жумагул айдарова
жумагул Айдарова
жумагул айдарова
жумагул Айдарова
nadi
.mmnn
Айбек
минусовка